Green & Digital Universities

Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын улуттук тармагы

Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын «Жашыл жана санариптик университеттер» Улуттук тармагы — туруктуу өнүгүү, жашыл экономика, санариптик трансформация жана инновациялык технологиялар жаатында кызматташууга арналган ачык жана ыктыярдуу платформа болуп эсептелет.

10катышуучу ЖОЖ
3тилде иштейт
2025тармак түзүлгөн жыл
Тармак жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын “Жашыл жана санариптик университеттер” Улуттук тармагы жөнүндө

GREENKG долбоорунун иш планында “Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү үчүн ЖАШЫЛ жана САНАРИПТИК университеттер” концепциясына ылайык, “Жашыл жана санариптик университеттер” аттуу улуттук тармакты түзүү каралган. Бул максатта чоң иш-аракеттер жүргүзүлүп, 2025-жылдын март айында Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) аталган тармакты түзүү тууралуу макулдашуунун долбоорун иштеп чыгып, жалпыга сунуштаган.

Долбоордун бардык катышуучулары макулдашуунун текстине өз сунуштарын берип, аларды жетекчиликтери менен макулдашкан.

Бул документти кабыл алуу максатында 2025-жылдын 15–16-май күндөрү ОшМУ тарабынан «GDU Улуттук тармагын түзүү: милдеттер жана ишке ашыруу жолдору» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурулган.

Эки күндүк конференциянын алкагында GREENKG долбоорунун учурдагы абалы, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын “Жашыл жана санариптик университеттер” Улуттук тармагын түзүү боюнча макулдашуу жана анын ишке ашыруу планы талкууланган. Толук маалымат үчүн:

Талкуулардын жыйынтыгында документке өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, долбоорго катышкан 10 университеттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан кабыл алынган.
Макулдашууга бардык ректорлор кол коюшкан: Кошумча файл.

Ошондой эле расмий сайт иштелип чыккан: www.gdunetwork.oshsu.kg

GREEN KG PROJECT

Интеллектуалдык Аркан-Тартыш

Жашыл жана санариптик университет

Интеллектуалдык Аркан-Тартыш платформасы

Салттуу кыргыз оюну заманбап санариптик форматка ээ болду. Долбоор улуттук баалуулуктарды, интеллектуалдык тапшырмаларды, командалык ишти жана заманбап IT-технологияларды бириктирет.

Интеллектуалдык өнүгүү

Катышуучулар суроолорго жооп берип, логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрөт.

Командалык иш

Оюн кызматташтыкты, лидерликти жана жамааттык ой жүгүртүүнү калыптандырат.

Семинарлар жана презентациялар

Долбоор ар түрдүү факультеттерде жана билим берүү иш-чараларында тааныштырылды.

15+Семинар
700+Студент
IT + ECOИнновациялар
Жаңылыктар

Жаңылыктар жана иш-чаралар

03.06.2025 15:37

Erasmus+ GREENKG окуу тренингдери кызып жатат!

Erasmus+ GREENKG долбоорунун 3-Пакет Иши – «Сапатты камсыздоо системасы» боюнча онлайн тренингдери активдүү өтүүдө! Бул тренингдер Эл аралык Жогорку Медицина Мектеби тарабынан уюштурулуп, Сапатты камс…

Толук окуу
16.05.2025 16:28

Ош мамлекеттик университетиндеги илимий-практикалык конференция өлкөнүн алдыңкы ЖОЖдорун бириктирди: Erasmus+ GREENKG долбоору туруктуу өнүгүү жолунда ийгиликтерге жетүүдө

Ош мамлекеттик университетиндеги илимий-практикалык конференция өлкөнүн алдыңкы ЖОЖдорун бириктирди: Erasmus+ GREENKG долбоору туруктуу өнүгүү жолунда ийгиликтерге жетүүдө

Толук окуу
11.01.2024 11:40

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясында Erasmus+ улуттук долбоорунун өнөктөш-катышуучулары менен тааныштыруу жолугушуусу өттү

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясында Erasmus+ улуттук долбоорунун өнөктөш-катышуучулары менен тааныштыруу жолугушуусу өттү

Толук окуу
Долбоорлор

Долбоорлор жана гранттар

Форум

GDU тармагынын форуму

Идеяларды талкуулаңыз, тажрыйба бөлүшүңүз жана катышуучу ЖОЖдордогу кесиптештериңизге суроо бериңиз.

Форумду ачуу
Байланыш

Байланыш

GDU тармагы боюнча суроолоруңуз барбы же кошулгуңуз келеби? Бизге жазыңыз — сөзсүз жооп беребиз.

Дарек

Ленин көчөсү 331, Ош мамлекеттик университети

Чалыңыз

+996777263911

Жазыңыз

aabduvaliev@oshsu.kg

Жүктөлүүдө
Билдирүүңүз жөнөтүлдү. Рахмат!