Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясында Erasmus+ жана GREENKG улуттук долбоорунун өнөктөш-катышуучулары менен тааныштыруу жолугушуусу болуп өттү! Иш-чарага төмөнкү өкүлдөр катышты:
🔹 Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
🔹 Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
🔹 Европа Биримдиги
🔹 Erasmus+ жана GREENKG долбоорлорунун консорциум координаторлору
🔹 Өнөктөш жогорку окуу жайларынын ректорлору
🔹 Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү
Жолугушуунун негизги багыттары
✅ Долбоордун негизги максаттары жана милдеттери каралды
✅ Стуктуралык башкаруу органдары – башкаруучу комитет жана долбоорду башкаруу кеңеши түзүлдү
✅ Коммуникация, маалымат таратуу жана сапатты камсыз кылуу маселелери талкууланды
✅ Долбоордун иш пакеттери пландаштырылып, макулдашылды
GREENKG – Кыргызстанда Жашыл жана Санарип Университеттерди өнүктүрүү
🌿 GREENKG – Кыргызстанда жашыл жана санарип университет моделин түзүүгө багытталган долбоор.
🚀 Долбоордун максаты – жогорку окуу жайларынын инновациялык потенциалын жогорулатуу, санариптештирүү аркылуу билим берүү процессин жакшыртуу жана университеттердин коомдук жоопкерчилигин жогорулатуу.
🌍 Глобалдык өзгөрүүлөр – жашыл экономика, климаттын өзгөрүшү жана демографиялык өзгөрүүлөрдүн шартында университеттердин ролу жогорулайт.
Долбоордун мөөнөтү жана катышуучулар
📅 Ишке ашыруу мөөнөтү: 11.01.2024 – 31.10.2026
🏫 Катышуучу 14 өнөктөш:
🔹 Кыргызстандан – 12 жогорку окуу жайы
🔹 Чет өлкөдөн – 2 университет
💶 Финансылык колдоо: Erasmus+ программасы тарабынан каржыланат
Жашыл жана санарип билим берүүнүн келечегине карай ишенимдүү кадам таштайбыз! 🚀📚
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясында Erasmus+ улуттук долбоорунун өнөктөш-катышуучулары менен тааныштыруу жолугушуусу өттү